Боюнда бар аял грипп болсо эмне кылуу керек

Дарыгердин көзөмөлүндө жүргөн кош бойлуу аял дени сак наристе төрөйт.

Жогорку даражадагы акушер - гинеколог Гүлзина Мадраимова кош бойлуу айымдардын суроолоруна жооп берди.

Кесарево жолу менен төрөгүм келбейт


Биринчи баламды төрт жыл мурда кесарево менен төрөгөм, азыр кайра боюмда бар. Бул жолу өзүм төрөй аламбы? Кандай коркунучтар бар?

Биринчи төрөтүңүз кесарево жолу менен өтсө, экинчиси да сөзсүз ошондой жол менен төрөлөт дегендик эмес. Өзүңүз төрөп алуу көп нерседен көз каранды болот. Мисалы: бул жолу кош бойлуулугуңуз кандай өтүп жатат, биринчи жолу эмне себептен кесарево болгонсуз (кан басымыңыз көтөрүлүп кеткен, же жамбаш сөөгүңүз кичинекей ж.б.у.с.), операциядан кийинки кесиктин (рубец) абалы кандай. Негизи бул маселени сизди көзөмөлдөгөн гинеколог менен бирге чечесиз.

Кош бойлуу үчүн варикоз кооптуубу?


Кош бойлуумун, бутумдун варикозу бар. Кандай жолдор менен дарыланса болот? Буттарым аябай ооруп кээде баса албай калып жатам.

Бул ооруңуз кош бойлуу кезде ого бетер оорлойт. Себеби, сиз ай сайын салмак кошуп, бутуңузга болуп көрбөгөндөй күч келип жатат. Буттун кан тамырлары чоңоюп, ооруңуз күчөп кетти. Ошондуктан "флеболог" деген дарыгердин көзөмөлүндө болушуңуз шарт. (Флеболог – бул кан тамырлардын паталогиясын изилдеп, дарылоочу дарыгер).

Хламидин түйүлдүккө зыян эмеспи?


Боюмда бар, анализдерди тапшыргандан кийин менде хламидин бар экен. Дарыгерим боюмда бар кезде дарылаган болбойт деди. Бирок, менин эжеме да ушундай диагноз коюлуп, ал дарыланган. Бул инфекция балага эч кандай таасирин тийгизбейби?

Хламедиоздук инфекция кош бойлуу келиндерге төмөндөгүдөй таасирин тийгизиши мүмкүн: бойдон түшүп калуу, ара төрөлүү, баланын салмагынын аз болушу ж.б. Дарылоо мөөнөткө жана чыккан анализге жараша жүргүзүлөт. Эгер сизде микробдун титрлери болуп, б.а. сиз жөн гана алып жүрүүчү болсоңуз дарылоонун кажети жок. Болгону гинекологдун көзөмөлүндө болосуз.

Жатыным гипертонуста экен


Кечээ гинекологум ичимди кармап көрүп "жатының (матка) гипертонуста экен", -деп айтып, толтура дары, укол жазып берди. Чынын айтканда ашыкча дары ичип укол алгым келбей эле. Бул чындап эле ушунчалык коркунучтуубу?

Мындай диагноздун себеби эмнеде, жана кандай дарыларды жазып бергенин айтпаптырсыз. Жатындын гипертонусу ар нерседен болушу мүмкүн: кандайдыр бир инфекциядан, стресстен, каныңыздын аздыгынан же болбосо оор жумуш жасагандыктан. Кээ бир келиндер боюнда бар болуп туруп эле үйдөн оор жумуш жасай беришет, мисалы базардан оор баштык көтөрүп жүргөнүн көрсө болот. Сиз кайрадан доктурга барып же аны менен байланышып бардыгын тактап сурап, ал айтканын жасаңыз.

Валерианка ичип алдым


4 айлык боюмда бар. Жакында эле аябай катуу стресске кабылдым. Колдорум калтырап, жүрөгүмдүн согушу күчөп, валерианка ичип атып араң токтолдум. Мындай көрүнүш балага терс таасирин тийгизбейби?

Стресс бул кош бойлуу эмес кадимки адам үчүн деле абдан коркунучтуу. Сиз кандай абалда болсоңуз ичиңиздеги түйүлдүктүн да жүрөгү ошондой согуп, денеси калтырап, сиздей эле акыбалда болду. Айырмасы, сиз валерианка ичип эс алдыңыз, ал эми балага валерианка жеттиби же жокпу белгисиз бойдон калды. Ошондуктан болбогон неселерге кейибей, сабырдуу болуңуз.

Кош бойлуу учурда тишти дарылатса болобу?


Боюмда бар, тишимдин пломбасы түшүп калды. Тиш доктурга көрүнсөм балага зыян эмеспи? Бирок дарыланбасам болбой калды. Түнү менен ооруп, кыйналып чыктым.

Тишиңизди тезирээк стоматологко барып көрсөтүңүз, инфекция тиштеги балага да, өзүңүзгө да зыянын тийгизет.

Феррум Лек ичип алып кусуп жатам


Анализ тапшырсам гемоглобин 90го түшүп кетиптир, доктур Ферум лек жазып берген. Бирок аны ичсем ичим өтүп, кусуп, шалдырап жатам. Дарыны ичпей эле койсом болобу? Канымды башка кандай жолдор менен көтөрүшүм керек?

Кыргызстандагы кош бойлуу келиндердин 50-60% нын каны аз. Бул коркунучтуу көрүнүш, кош бойлуулуктун татаалданып кетүүсүнүн бирден бир себеби десек жаңылышпайбыз. Түйүлдүк каныңыз аркылуу тамактанат. Элестетиңиз, өзүңүзгө жетпей турса, балага эмнени арттырып жатасыз? Эгерде Феррум Лек жакпаса, башкасын жазып берүүсүн сурангыла. Дары менен кошо тамактанууңузду түрлөп, бодо малдын шорпосун, уйдун тилин, жер жемиштерди, гречка, буурчак кошулган тамактарды, петрушка, укроп ж.б. чөп-чарды көбүрөөк жегиле.

Сасык тумоо болуп калдым


Кош бойлуумун. Жакында төрөйм. Бирок 3 күндөн бери сасык тумоо болуп жатам. Эмне кылсам болот?

Урматтуу айым, көпчүлүгү сасык тумоо менен ОРВИнин айырмасын билбей жүрө берет. Эгер температураңыз 40 градуска жетип, сөөктөрүңүз какшап ооруп жатса тезинен дарыгерге кайрылгыла. Кош көңүл мамиле кылсаңар төрөтүңөргө коркунуч туудурат. Учурда сасык тумоонун түрлөрү көп. Маани бербей жүрө берсе тамактын сезгенүүсүнө, бронхитке, пневмонияга алып барат. Көзөмөлдөөчү дарыгер-гинекологго кайрылсаңыз жардам берет.



  • >Негизги темалар
  • >Кыз-жигит
  • >Кыздын сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо








Кош бойлууларга кеңеш Кыз-келиндерге кенеш


  • Момун


  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 45
  • Катталган: 19 Март 09
  • Соңку аракети: 02 Фев 2014 13:53
  • Жынысы: Аялзаты


  • Активист


  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы: Эркек
  • Калаасы: Шаарда турам.


  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 811
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 18 Окт 2017 16:16
  • Жынысы: Аялзаты
  • Калаасы: Жомоктогу сепил сарай

Ошондой, ырым-жырымдар бар экенин мен да уккам.

Негизи кош кабаттуу аял эч нерсесин озгортпогону он.

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.


  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 644
  • Катталган: 27 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Авг 2014 01:16
  • Жынысы: Аялзаты
  • Калаасы: Турция. г. Мармарис


Сен мунун баарын кайдан билесин? Шариятта жазылып турабы же библиядабы, мумкун Кодекстерде го? Же Гиппократ ошентип айтты беле?


  • Супер-активист

  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 011
  • Катталган: 09 Февраль 09
  • Соңку аракети: 12 Апр 2020 05:43

  • Активист


  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы: Эркек
  • Калаасы: Шаарда турам.

Жакшы суроолор экен. Эркек катары мен билбесем да, энеликке талапкер кыздардын көбү өзүнү н ден-соолугуна эмне пайдалуу экенин биле жүрүшү абзел. Муну болсо Гиппократ Геродотко айтып кетиптир. Ал болсо жазып калтырып коюптур.


  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 644
  • Катталган: 27 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Авг 2014 01:16
  • Жынысы: Аялзаты
  • Калаасы: Турция. г. Мармарис

Жакшы суроолор экен. Эркек катары мен билбесем да, энеликке талапкер кыздардын көбү өзүнү н ден-соолугуна эмне пайдалуу экенин биле жүрүшү абзел. Муну болсо Гиппократ Геродотко айтып кетиптир. Ал болсо жазып калтырып коюптур.


Боюнда барда чач кырктырган ден соолукка зыян бекен? Укпаптырмын. Сен ото эле суеверный окшойсун


  • Супер-активист


  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 221
  • Катталган: 29 Март 07
  • Соңку аракети: 21 Апр 2019 20:15
  • Жынысы: Аялзаты
  • Калаасы: Кыргызстан :)

мен Архидейге кошулам , чачын кыркуу баласынын омурун кыркуу дегенди уктум эле .
бирок эмнеге кестиришет тушунбойм узун кылып остуруп журо беришпейби .


  • Активист


  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 333
  • Катталган: 22 Май 08
  • Соңку аракети: 14 Июн 2014 17:26
  • Жынысы: Аялзаты
  • Калаасы: Алма-Ата

  • Супер-активист

  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 011
  • Катталган: 09 Февраль 09
  • Соңку аракети: 12 Апр 2020 05:43


Сырыны эч ким так айта албастыр,ырым жырым бул баш ийгенге баш иет,баш тартканга баш тартат.Бирок кантсе да тарбиялык жактан да айтылган кептир.Кыз баланын чачын кыркуу болбойт,узун кылып остуруп журуусу керек деп койот илгери откон энелерибиз. Кантсе да салтыбызга, урп адатыбызга, ырым жырымдарга баш ийуубуз керек.Ыймандуу кыргызбызго. Кыркпа дедиби кырпа чач кыздын корку.

Бул сырткы линктер жаңы терезеде ачылат

Бул линкти көчүрүп алыңыз

Бул сырткы линктер жаңы терезеде ачылат

Бөлүшкөн панельди жабыңыз

Төрөт боюнча айрым мифтер көптөн бери коомчулукта бар экени бышык. BBC Future баяндамачылары алардын үчөөнө токтолду.

1. Биринчи бала кечирек төрөлөт

Чынында 4 гана пайыз ымыркайлар убагында төрөлөт. Көп учурда балдар кечирек же эрте төрөлөт экен.

Олан техникалык колледжинин изилдөөчүсү Аллен Дауни 2002-жылкы Федералдык агенттик жүргүзгөн ооруларды алдын алуу боюнча сурамжылоону карап жатып, биринчи бала экинчи ымыркайга салыштырмалуу кеч төрөлөөрүн аныктаган.

Чынында окумуштуунун анализи бул теорияны тастыктады. Биринчи төрөлгөн ымыркай орточо эсеп менен алганда 16 саатка кечирек төрөлгөн. Бирок бул көрсөткүчкө ара төрөлгөн ымыркайлардын дагы санын кошуу зарыл.

16 саат - бул көп деле эмес. Демек, биринчи жолу көз жарып жатканда ымыркай бир нече күн же бир аптага кечирек төрөлөт деген жаңылыштык болот.

Албетте, андай дагы учурлар болот жана ага күбө болгондор арбын. Арийне статистиканы толугу менен алганда, аны тенденция деп баалоо болбойт.

Анда айрымдар эмнеге балдардын көбү убагында төрөлбөйт деп ойлошу ыктымал. Бирок бул жерде таң калтырган эч нерсе жок. Көз жаруунун так убактысы аялдын менструация убагы менен аныкталат. Аялдардын көбү анын так убактысын өздөрү да так айта албайт.

Андан тышкары, ар бир бала окшош мөөнөт энесинин курсагында болушу керек деген туурабы? Бир изилдөөгө ылайык, окумуштуулар балалуу болгусу келген аялдын боюна бүтүрүүнүн так күнүн аныктоо үчүн, анын гормондорун күн сайын текшерип турушкан. Алар бул аркылуу ымыркай канча мөөнөт энесинин курсагында болушу керек экенин аныкагысы келген. Натыйжада, боюнда бар аялдардын төрөт учуру беш аптага чейин айырмаланып тураары табылган.

Ал эми эки баланын ортосундагы мөөнөт бир жыл болсо, анда экинчи бала эрте төрөлөт.

Айрым адистер бала баланча мөөнөттө төрөлөт деп дагы айтуу катачылык деген пикирде. Анын оордуна боюнда бар аялга кечирек датаны айтып туруп, ушул күнгө чейин сиз көз жарасыз деп маалымдоону туура көрүшөт. Бул аркылуу жаңы үй-бүлөлөрдүн 96 пайызы ашыкча стресс жана тынчсыздануудан арылышат.

2. Ачуу тамак көз жарууга түрткү болот

Кош бойлуу аялдар төрөт маалын санап, толгоосу келбей жатканда, маселени өз колуна алат эмеспи.

Бир изилдөөгө ылайык, боюнда бар америкалык аялдардын көбү ачуу тамак толгоону чакырат деген пикирде.

Ачуу тамак курсактагы, аш казан, ичеги жана башка органдардын жыйырлуусу (өңгөч, карын, ичегинин ийри-муйру болуп кыскарышы) аркылуу жатын дагы жыйырлып, толгоону чакырат деген теория бар.

Албетте, бул ыкманы окумуштуулар эч изилдеп көргөн эмес. Көптөр ыкма толугу менен изилдөөгө алынып, анын толгоого карата таасирин аныктоо зарыл экенин айтып келишет.

Ачуу тамактын толгоо чакырууга таасири бар болгон учурда дагы, бул ыкма ар бир аялдын ачуу тамакты канчалык көтөрө алаарына байлануу. Күн сайын ачуу тамак жеп, ага көнүп калсаныз - ыкманын эч кандай таасири болбойт.

3. Жатындан суу кетүү ар дайым көп көлөмдө жана күтүүсүз болот

Көркөм тасмаларда кош бойлуу актриса жатындан суу кеткенде чочулап турган учурду көп көрөбүз. Ал ошол тапта курсагын кармап, аны ооруканага алып кетишет.

Чынында боюнда бар аял төрөп жатканда андай болбойт. Толгоо жатындан суу кете электе эле башталышы мүмкүн. Башка учурда толгоо келбей, дарыгерлер жасалма түрдө толгоо чакырып калышат.

Сейрек учурда жатындан суу кетпей, ымыркай жумуртканын кабыгында же бала "көйнөкчөн" төрөлөт.

Изилдөөлөргө ылайык, жатындан суу кеткенден кийин кош бойлуу аялдар 24 сааттын ичинде көз жарат. Алардын көбүнө жасалма толгоо чакыруунун кереги жок.

Ошондой эле жатындан суу кеткенде көлөмү көп болот деп ойлогондор да жаңылат. Бирок суу кеткен учур кош бойлуу аял жакын арада көз жарат дегендин белгиси.

Макала BBC Future сайтынан которулду. Түп нускасын таап окусаңыз болот.


Баланын дени сак болушу энеден

ЖАҢЫ эле жарык дүйнөгө келген дени сак ымыркай мээримдүү эненин алпештеген колунда эч нерседен бейкапар уктап жатат. Атасынын жүзүнөн нур жанып, өзүнчө сыймыктанып турат. Жыл сайын миллиондогон үй-бүлөлөр сөз менен айтып жеткиргис ушундай кубанычка бөлөнүшөт. Бир карасаң, дүйнөдөгү бардык эле балдар аман-эсен төрөлүп жаткандай сезилет. Анткени ымыркайдын төрөлүшү — табигый процесс. Бирок тынчсызданууга кандайдыр бир себеп барбы?

Энелер көп учурда аман-эсен көз жарып алышат, бирок дайыма эле андай эмес. Ошондуктан болочок ата-энелердин төрөткө байланыштуу кыйынчылыктардын алдын алуу үчүн тийиштүү чара көргөнү эстүүлүккө жатат. Мисалы, төрөткө байланыштуу кыйынчылыктарга эмнелер себеп болорун билип, адистерге кайрылышы керек, ошондой эле боюнда бар кезде жана төрөт учурунда өмүргө коркунуч туулбаш үчүн керектүү чараларды көргөнү абзел. Анда, келгиле, ушуларга кененирээк токтололу.

Кыйынчылыктарга эмнелер себеп болушу мүмкүн?

Төрөткө чейин даярдык көрүү

Бирок айрым өлкөлөрдө боюнда бар аялдардын тийиштүү жардам алышы кыйынга турат. Алсак, аларга догдурга көрүнүш үчүн узак жол жүрүүгө туура келиши же медициналык чыгымдарды төлөөгө чамасы жетпеши мүмкүн. Ошентсе да болочок эне эң зарыл медициналык жардамды алууга аракет кылышы керек. Бул, өзгөчө, ыйык китептик принциптерге ылайык жашаган аялдар үчүн абдан маанилүү. Анткени Кудайдын көз алдында ар бир адамдын, анын ичинде төрөлө элек баланын да өмүрү ыйык (Чыгуу 21:22, 23*; Мыйзам 22:8).

Болочок эненин жана баланын ден соолугуна кам көрүүдө догдурлар, өзгөчө, акушерлер төмөнкүлөрдү кыла алышат:

▪ алар аялдын медициналык карточкасын карап чыгып, анын же курсакта жаткан баласынын саламаттыгына коркунуч туудура турган факторлорду аныкташат.

▪ Кандын жана зааранын анализин текшерип, эне менен баланын резустарынын дал келер-келбесин,
аз кандуулук, инфекция же дагы башка оорулардын бар-жогунаныкташат.
Башка ооруларга диабет, кызамык, жыныстык жол менен жугуучу оорулар жана кан басымынын жогорулап кетишине алып келген бөйрөк оорулары кирет.

▪ Эгер себептер бар болсо, алар кош бойлуу аялга резустардын дал келбесине, сасык тумоого жана селеймеге каршы вакцина алууну кеңеш кылышат.

▪ Ошондой эле витаминдерди,
айрыкча, фоли кислотасын ичүүнү сунуш кылышы мүмкүн.

Догдурлар кандайдыр бир кыйынчылыктар тууларын байкап, тийиштүү чара көрүшсө, төрөт ойдогудай өтөт.

Төрөт ойдогудай өтүшү үчүн…

Болочок эне төрөткө чейин канынын көрсөткүчтөрү жакшы экенине ынануу менен кыраакылык көрсөтөт. Кандагы гемоглобиндин деңгээлин көтөрүш үчүн догдур фоли кислотасын,
В тобундагы витаминдерди,
ошондой эле курамында темир бар препараттарды жазып бериши мүмкүн.

Догдур башка нерселерди да эске алышы кажет. Балким, кош бойлуу аялдын ден соолугуна байланыштуу көз жаздымда калтырбаш керек болгон кандайдыр бир көйгөйлөр бардыр. Ага көп баспай, көбүрөөк жатканы жакшыраак болоттур. Кичине салмак кошушу же тескерисинче,
арыкташы керектир. Балким, көнүгүүлөрдү жасашы керектир. Өздүк гигиенага, өзгөчө, ооздун гигиенасына олуттуу көңүл бурушу зарылдыр.

Изилдөөлөр бүйлө оорулары боюнда бар аялды преэклампсия оорусуна чалдыктырышы мүмкүн экенин көрсөттү*
. Ал — кан басымынын кескин түрдө жогорулашы,
катуу баш оорулары жана шишик басуу менен коштолгон олуттуу оору. Преэклампсия аялдын мөөнөтүнөн эрте төрөшүнө, атүгүл эненин да, баланын да каза болушуна алып келет. Мындай көрүнүш өнүгүп келаткан өлкөлөрдө көп байкалат.

Андыктан тажрыйбалуу адис болочок эненин инфекция жуктуруп алганын байкаса, ага көз жумуп койбойт. Аялдын толгоосу мөөнөтүнөн эрте башталса, догдур ага тезинен ооруканага жатууну кеңеш кылат. Анткени мындан аялдын жана баласынын өмүрү көз каранды болушу мүмкүн.

Төрөткө даярдык көрүү

1. Алдын ала баарын таразалап, кайсы төрөт үйүндө төрөөрүңдү,
кайсы догдурга көрүнөрүңдү аныктап ал.

2. Догдуруңа дайыма барып көрүнүп тур. Аны менен достук мамиле өрчүт.

4. Толгооң мөөнөтүнөн эрте башталса (37 жумага жетпей), тезинен догдуруңа кайрыл. Андайда көрсөтүлгөн тез жардам мөөнөттөн эрте төрөөнү жана аны менен байланышкан кыйынчылыктардын алдын алууга жардам берет.

6. Төрөттөн кийин өзүңдүн жана балаңдын ден соолугуна жакшылап кам көр. Бул, өзгөчө, баласы ара төрөлгөндөр үчүн абдан маанилүү. Кандайдыр бир көйгөйдү байкасаң, дароо педиатрга кайрыл.

Балам майып болуп төрөлбөсүн десең

Билдирүүнү түзөткөн: eldar96: 25 Май 2015 — 08:11


24-апрелден тарта Орозо айы башталып, ооз бекитилет. Ислам дининин талабына ылайык, балакатка жеткен жана ден соолугу чың адамдар үчүн орозо кармоо парз болуп эсептелет. Ошого карабастан коомчулукта ар кандай суроолор пайда болот. Биз мындай соболдорго жооп тапканга аракет кылдык. Орозо тууралуу маалыматтар Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловдун “Марал” радиосу аркылуу берген сабактарынан топтолду.

Ниет маанилүү

Орозо кармоо үчүн адамдын ниет кылуусу шарт. Ал үчүн үнүн чыгарып же ичинен “ниет кылдым” деп айтуусу шарт эмес. Ооз бекитүүгө жүрөктүн каалоосу жетиштүү болот. Эртең менен ооз жабуу үчүн турганыңыз ниет катары саналат. Бирок айрым аалымдар жогорудагыдай негизде ниетти ооз менен айтуу керек деген ойду карманышат. Жыйынтыгында, эки түрдөгү ниет тең туура болуп эсептеле берет. Бирок ооз менен айтып коюп, жүрөгүндө орозо кармоо ниети жок болсо, өтпөйт. Ошондой эле орозонун ар бир күнүнө өзүнчө ниет кылынат, “отуз күндүк орозого ниет кылдым” деп жалпы бир айтуу туура эмес. Ал эми эртең менен ооз бекитип, күндүн жарымына келгенде орозону бузууга ниет кылса да, орозо бузулбайт. Орозо бир гана убакыттын келиши жана ар кандай аракеттин арты менен гана бузулат.

Уктап калсаңыз…

Ооз бекитүүгө тура албай калган адам эч нерсе жебей туруп, ойгонору менен дароо ниет кылуусу керек. Бирок бул жерде маани берилиши керек болгон бир жагдай бар. Сиз 12ге чейин туруп, дароо ниет кылсаңыз жарай берет. Кээде ооз бекитүү убагынан көп өтпөй ойгонуп же унутуп калып, суу ичип алып ниет кылгандар бар. Мындай орозо өтпөйт. Ал эми саат 12ден кийин ниет кылынган орозо да кабыл болбойт.

Саарлыкка туруңуз. Бул – сүннөт.

Эрте менен саарлык ичүү – сүннөт. Ооз ачар маалында тоюп жеп алып, эртең менен тамактанбай коюу – туура эмес. Анткени орозонун максаты – ашказанды кичирейтип, аны эс алдыруу. Ошол үчүн ооз ачканда чектен ашыкча жеп алган учурлар болот. “Көп жеп алып, ичиң жарылса, сооп болот” деген сөздөр чындыкка дал келбейт. Мухаммед пайгамбар да: “Саарлыкка тургула, анда береке бар” деп осуят кылган. Дагы бир көңүл бурулушу керек болгон жагдай, ооз бекитүү убактысына аз калганда жабуу керек. Мисалы, 4:05те ооз бекитилиши керек болсо, күтүп 2-3 мүнөт калганда жабуу керек. Бир-эки саат мурда жеп, жаап койгон жакшы эмес.

Мусулмандын орозосунун өзгөчөлүгү – саарлык жегенинде. Эгерде чаңкап калуудан корксоңуз, тамактан соң 200-400 грамм жылуу суу ичип алсаңыз, суусунуңуз канып жүрөт.

Бала эмизген аялга орозо парзбы?

Боюнда бар жана бала эмизген аялдар орозодон бошотулат. Буга карабастан орозо кармоого аракет кылуу – көр такыбалыкка жатат. Бул аракет баланын ден соолугуна терс таасирин бериши толук мүмкүн. Эгерде бала 2 жаштан өтүп, өз алдынча тамак жеп баштап, сүткө муктаждык жок болсо, кармоого болот.

Кайсы оорулуулар орозодон бошотулат?

Ооруп жаткан адам орозо кармаса, дарты дагы да күчөп кете турган абалда болсо;

Ооруп жаткан адам орозо кармаса, сакаюусунун мөөнөтү узарып кете турган болсо;

Эч жери оорубай, бирок орозо кармаса, ооруп калуу ыктымалы көп болсо, орозодон бошотулат. Бирок бул себептерди дарыгердин чечими тастыкташы керек. Өз алдынча бүтүм чыгаруу парзды аткаруудан бошотпошу мүмкүн.

Кандай дарылар орозону бузат?

Көзгө тамызылган дарылар орозону бузбайт. Мурунга тамызылып, андан ары тамакка кирип кете турган болсо, орозо бузулат. Кулакка тамызылган май бузат да, суу бузбайт. Мурунга, оозго улам дары чачып турушу керек болгон адамдар бар. Эгерде башты ылдыйга каратып чачып, мурундан же ооздун ичине кирип кетпей турган болсо, жарай берет. Ичине кирип кеткен абалда орозо бузулат.

Таравих кандай окулат?

Азыркы шартка байланыштуу таравих намазы үйдө окулат. Шарияттын талабы боюнча бул намаз 20 рекеттен турат. Үй-бүлө менен окулган учурда атасы имамдыкка чыгып, балдары, жубайы жана кыздары анын артында туруп окуганга уруксат бар. Айрым интернет булактарында намаз шамдан кийин окула берет деген маалымат тараган. Бул таравих куптан намазынан соң гана окулушу керек. Сөзсүз түрдө 20 рекетти 2 же 4 рекеттен кылып, үзбөй окуу керек деген талап жок. Ортодо токтоп, китеп окуп же башка амалдарды кылып, андан соң улантса болот. Онлайн түрүндө жана башка үйдө жашагандар менен чогуу окууга болбойт. Негизи, Куранды хатым кылып окуган жакшы. Эгерде сүрөөлөрдү билбесеңиз, билген сүрөөлөрдү кайталап окуй берсеңиз, жарай берет.

Карантинде ооз ачардын сообун кантип алабыз?

Негизи, башкаларды ооз ачарга чакырган адам орозо кармагандын сообун алат. Бирок азыркы кырдаалда бул амалды ишке ашырууга мүмкүн болбой турат. Ошол үчүн жардамга муктаждарга же орозолорго каржылык жаткан жардам берип, болбосо азык-түлүк алып барып берүү да ошондой эле соопко ээ кылат.

Боюнда болгондугу тууралуу көптөгөн белгилер бар, эрте мезгилдеги "боюнда болуу белгилери" төмөндөгүдө жазылгандай, жана булардын ар бирин бирден карап чыгабыз.

1. Менструациянын кечигүүсү (этек кир).
2. Эмчек бездеринин өзгөрүүсү.
3. Алсыроо.
4. Токсикоз/таңкы куску келүү.
5. Боюнда барлардын гиперемезиси (кусуу).
6. Тез-тез заара чыгаруу.
7. Маанайдын тез-тез өзгөрүүсү.
8. Кайсы бир тамак-ашка талгак болуу жана жыттарга сезимтал болуу.
9. Карышуу/тырышуулар

Бул биринчи белгилер ар бир аялга дагы, боюнда болуу учуруна дагы инливилуалдуу. Боюнда болгондо бул белгилердин бирөөсүн же бир нечесин сезишиңер мүмкүн. Толкунданбаңыз: Бардык белгилер бир убакта пайда болбойт. Андан тышкары белгилердин жоктугунан дагы сары санаа болуунун кажети жок. Анткени, боюнда болуп эч кандай белгилер болбошу дагы мүмкүн. Белгилер пайда болобу же пайда болбойбу, боюнда болгонду аныктоонун анык каражаты бул боюнда болуу тестин жүргүзүү. Эми белгилерге өтөлү.

1. Менструациянын кечигүүсү.
Эгер силерде этек кир өз убагында болбой калса, бул боюнда болуунун физикалык белгиси. Бирок боюнда болуу мезгилинде дагы анча-мынча кан агуулар жана бөлүнүп чыгуулар болот, мындай кырдал урук клетка (яйцеклетка) жатынга имплантация болгондо дагы болошу мүмкүн. Эгер менструация 6 алдан ашык келбей жатса ооруканага кайрылуу керек - бул медицина тили менен айтканда аменорея болушу мүмүкүн. Кокустан менструациянын жок болуп кетишинин көптөгөн себептери болот: тез салмак алуу же салмактан арылуу, өтө катуу физикалык күч келтирүү (машыгуулар) жана стресс. Эгер сиз төшөк кумарына болгон кызыгуу бирде пайда болуп, бирде жок болуп турса анда бул менопаузанын биринчи белгилери (менопауза - бул жумуртка клеткаларынын функциясы менен шартталуучу акыркы өз алдынча менструация). Кандай гана симптомдор болбосун врач менен кенешүү сунушталат.

2. Эмчек бездеринин өзгөрүүсү
"Боюнда болуу белгилери" дагы бири эмчектердин көлөмү чоңоюп, оорутушу же сезгич болуп калышы мүмкүн. Эмчектин айланасындагы тамырлар мурдагыга караганда белгилүү болуп, так көрүнүшү менен шартталат. Ареолдор (эмчек учунун айланасы) - өңү каражын тартып калат.

3. Алсыроо
Бойго бүткөндө биринчи бир нече жумасында адаттан тышкары чарчоо же алсыроо сезилет. Бул организмде прогестерондун денгээлинин жогорулашы менен байланыштуу, анткени ал жатындын былжыр челин бойго бүтүүдө зарыл болгон абалда сактайт.

4. Токсикоз/таңкы куску келүү.
Бойго бүтүүнүн 2 жана 8 жумасында куску келип, кусуу болушу мүмкүн. Шартка ылайык 16 жумадан кийин абал жакшы болуп калат. Таңкы кускунун келиши деп аталганына карабастан, куску келүү күндүн каалаган убагында болушу мүмкүн.

5. Боюнда барлардын гиперемезиси (кусуу).
Боюнда бар аялдардын жүздөн бирөө гиперемезистен жабыркайт. Негизи гиперемезис биринчи триместрден чыгып (12-13-жума), тамак жегенде дароо эле куску келет берет. Шартка ылайык бул дарыланат, жана абдан оор учурларда гана бойго бүтүүнүн оорчулуктарына алып келет. Көп-көп куску келсе дарыгерге кайрылуу керек.

6. Тез-тез заара чыгаруу.
Бойго бүткөндүн 6-8 жумасында аялда тез-тез заара кылуу сезими пайда болот. Бул жатын чоңоюп табарсыкка басым кыла баштагандыктан болот. Биринчи триместрдин аягында жатын ич көңдөйүнө көтөрүлүп, табарсыкка болгон басым жоголот.

7. Маанайдын тез-тез өзгөрүүсү.
Гормоналдык фондун өзгөрүүсү бойго бүтүүнүн эрте мезгилдеринде маанайдын тез-тез өзгөрүүсүнө алып келет. Аял себепсиз эле ыйлашы мүмкүн.

8. Кайсы бир тамак-ашка талгак болуу жана жыттарга сезимтал болуу.
Кээ бир нерселер жакпай калышы мүмкүн: чай, кофе, майлуу тамак, ошону менен бирге аз кабыл алган азыктарга табит пайда болот. Кофе, эт, алкоголдун жыты кускуну келтириши мүмкүн.

9. Карышуу/тырышуулар
Биринчи триместрде, кээде кечирээк бут жана согончок оорушу мүмкүн. Бул организмдин кальцийди сиңирүүнүн өзгөрүү ыкмасынан болот.

"Боюнда болуу белгилери" негизги белгилери ушундай болду, дагы кошумчалары болсо пикир калтырып жазып койсоңуз болот. Пайдалуу маалымат болду деген ойдобуз.

Читайте также:

Пожалуйста, не занимайтесь самолечением!
При симпотмах заболевания - обратитесь к врачу.