Гепатит д бул эмне кыргызча





Гепатит деген кандай оору? Билинбей жеген дарттын себептери жана дабасы

Дүйнө жүзүндө гана эмес, Кыргызстанда да СПИД, кургак учук сыяктуу эле гепатит илдети да коркунучтуу деп саналат. Бул дарт көпчүлүк учурда билинбей өрчүп, убагында дарыланбаса цирроз, рак ооруларына алып келет.

Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк гепатит оорусуна каршы күрөшүү күнү. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөлдөө департаментинин эпидемиологиялык башкармалыгынын башчысы Абдыкадыр Жороевден оорунун келип чыгуу себептери, өлкөдөгү абал жана сактануу жолдору тууралуу билип көрдү.

Гепатит деген эмне?

Гепатит же сарык оорусу — боорду жабыркаткан жугуштуу дарт. Өз ичинен ал А, В, С, D жана Е болуп беш түргө бөлүнөт.

Гепатиттин А жана Е түрү оорунун жеңил формасы болуп саналат. Башкача айтканда, илдеттин бул түрү өнөкөткө айланып кетпейт, аны убагында жакшылап дарыласа адам толугу менен айыга алат. Бул түрүн мурда "боткин" деп да атап коюшкан. Ал эми гепатиттин В, С, D түрлөрү адамда билинбей пайда болуп, көп убакыт дарылоону талап кылат. Ошондой эле анын өнөкөткө айланып кетүү коркунучу бар.

Оору кандай жол менен жугат?

Гепатит илдети жугуу жолу боюнча эки чоң түргө бөлүнөт.

Гепатиттин А жана Е түрү турмуштук шартта эле жугат. Алсак, бул дартка көбүнчө дааратканадан же сырттан келгенде кол жуубаган, кайнатылбаган суу ичкен, мөмө-жемишти жууп жебеген адамдар кабылат. Алардын көбү жаш балдар болот.

Ал эми В, С, D түрлөрү болсо оорулуу адамдан соо адамга кан аркылуу жугат.

Мисалы, баңги ийнелер, сакал алган устара, тиш жуучу щётка, маникюр, педикюр, пирсинг, татуировка жасоочу жана тиш жулуучу каражаттардан жугат. Ошондой эле жыныстык катнаш аркылуу да илдеттин бул түрүнө кабылып калуу мүмкүн.

Ооруну айыктырууга болобу?

Гепатиттин А түрү башка оорулардан айырмаланып өнөкөт түрүнө айланып кетпейт. Киши бир ооругандан кийин кайра оорубайт. Ал кишиде иммунитет пайда болот. Бирок дарыланган адам 5-6 айга чейин диетаны жакшы сактабаса, анда ал өлүмгө дуушар болушу ыктымал. Былтыркы жылы 14 жашка чейин үч бала дал ушул гепатиттин А түрү менен ооруп, диета кармабай көз жумган.

Ал эми гепатиттин С түрүнө кабылган адамдын оорусу көпчүлүк учурда билинбей жүрө берип ал цирроз, рак илдетине айланып кетет. Башкача айтканда, С түрүндөгү гепатитти аныктоо бир аз кыйын, кийинчерээк аны айыктыруу татаал болуп калат. В, С, D түрүндөгү гепатиттерди айыктыруу андан да оор.

Гепатит оорусуна кабылган адамдын

• алы кетет;
• анализдери нормадан бузулат;
• заара, көздүн кареги да саргара баштайт.

Сарык оорусу менен Кыргызстанда катталгандардын саны
2017-жылы 6 айдын ичинде (январь-июнь) республика боюнча сарык оорусу менен ооруган 3032 адам катталган.
Анын ичинде гепатиттин А түрү менен 2759 адам, Е түрү менен 1 адам, В түрү менен 169, С түрү менен 43 жана D түрү менен бир адам бар. Ал эми 59 оорулуу гепатиттин кайсы түрүнө кабылганы аныктала элек. Гепатиттин А түрүнө кабылган 2759 адамдын 90 пайызы жаш балдар. Алардын үчөө убагында туура диета кармабай, өмүрү менен кош айтышкан.

Оорудан оолак болуу үчүн эмне кылуу керек?

Гепатиттин А, Е түрүнө кабылбаш үчүн:
• жашылча-жемишти сөзсүз жууп жеш керек;
• арыктан аккан таза эмес сууну ичпеш керек;
• үйдү, окуган, иштеген жерди таза кармоо керек;
• ар бир адамдын өзүнө тиешелүү гигиеналык буюму болушу керек (тиш щетка, сүлгү, жаш балдардын идиш-аягы);
• ошондой эле убагында эмдөөдөн өтүү керек.
Ал эми оорунун В,С түрлөрүнөн оолак болуу үчүн:
• кокустук жыныстык катнаштан качуу;
• татуаж, маникюр, педикюр жасаган жабдыктар таза болушу керек;
• бирөөнүн тиш щеткасын, тарагын, устарасын колдонуудан баш тартуу;
Ар бир адам жылына бир жолу медициналык көзөмөлдөн өтүп турушу зарыл. Мындай жол менен алар ар түрдүү оорунун алдын алат.



  • >Негизги темалар
  • >Ден соолук жана сулуулук
  • >Гепатология
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо








  • (3 бет)

  • 1
  • 2
  • 3
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Гепатит жана гепатит "Б"


  • Активист


  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 504
  • Катталган: 11 Март 13
  • Соңку аракети: 02 Мар 2016 21:45
  • Жынысы: Эркек

  • Карапайым


  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 288
  • Катталган: 08 Апрель 13
  • Соңку аракети: 24 Апр 2020 06:50
  • Жынысы: Аялзаты

  • Активист


  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 504
  • Катталган: 11 Март 13
  • Соңку аракети: 02 Мар 2016 21:45
  • Жынысы: Эркек

  • Активист


  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 423
  • Катталган: 25 Апрель 13
  • Соңку аракети: 21 Май 2014 03:28
  • Жынысы: Аялзаты
  • Калаасы: Эки тоонун ортосу
  • Активист


  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 393
  • Катталган: 20 Январь 14
  • Соңку аракети: 31 Янв 2015 22:59
  • Жынысы: Аялзаты
  • Калаасы: Москва

  • Активист


  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 392
  • Катталган: 12 Февраль 14
  • Соңку аракети: 30 Июл 2014 17:27
  • Жынысы: Аялзаты
  • Калаасы: Бишкек

  • Супер-активист





  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 080
  • Катталган: 05 Июль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2015 01:00
  • Жынысы: Эркек
  • Калаасы: планета Кыргызстан

Сарыктан кантип сактанып, кантип сакаябыз?
.

Гепатит (сарык) жугуштуу оорулардын катарына кирет. Дарыгерлердин айтымында, учурда жаш балдар арасында бул оору кеңири жайылууда. Андыктан сарыктын түрлөрү, белгилери жана сактануу жолдору тууралуу маалымат беребиз.
.

Оору тууралуу маалымат
.

Гепатит оорусу – боордун вирустар жана организмдеги уулуу заттар, ошондой эле иммунитеттин төмөндөшү менен пайда болгон сезгенүүсү болуп саналат. А гепатитин сарык оорусу же жугуштуу гепатит деп да аташат. Бул – гепатиттин жөнөкөй түрү, анын оор кесепеттери жок. Анын жугуу механизми ичеги жугуштуу ооруларына да окшош болот. Ал ооз жана кир колдор аркылуу да жугат. Вирустан улам боордун сезгенүүсү жугуштуу гепатит деп аталат. Анын учурда А, Е, Б, D, С, F, G деп аталган 7 түрү белгилүү. Кыргызстанда сарыкты аныктоонун 5 түрү боюнча реактив бар. Вирустук гепатит жугуштуу оору болуп саналгандыктан, негизинен боордун ткандарын бузуп, өзүнүн функциясын аткарууга кедергисин тийгизет. Азыркы учурда 1 жаштан 14 жашка чейинки балдарда вирустук гепатиттин А деген түрү кездешет. Гепатиттердин арасында А вирустук гепатити 6 жашка чейинки балдарда 90 пайыз, 6-14 жашка чейинки балдарда 50 пайызга чейин болот. Бул мектептеги жана балдар бакчасындагы балдардын санынын бир имаратта көп болушу, жай, күз айларында мөмө-жемиш бышкан чакта аларды жууп-тазалап жебегенден улам болот. Вирус гепатити ичеги жугуштуу ооруларындай эле адамдын организмине ооз аркылуу тамак-аш жегенде жана арыктардан суу ичкенде кирет. Ал айлана-чөйрөгө оорулуунун заңы менен бөлүнүп чыгат жана ага конгон чымындар гепатиттин таралышына өбөлгө түзөт. Анткени вирус салкын абада көбөйө баштайт. Ошондуктан ар бир адам ден-соолугуна өзгөчө кам көрүшү керек. Азыр көчөдө тамак-аш сатуу көбөйдү. Өзгөчө базарларда көчө бойлото санитардык талапка жооп бербеген тамак-аштар сатылганын көрүп жүрөбүз. Мындай тамактарды жегенден кийин сарык оорусунун башталышына себепкер болот. Ошондой эле, бул оору кайнатылбаган, тазаланбаган суудан жугат. Өзгөчө алыскы региондордо арыктагы суудан ичишет. Андан ар кандай вирустарды жугузушат. Бул сарык оорусунун башталышына жол ачат.
Сарыкты жугузуп алган оорулуунун температурасы 38 градустан жогору көтөрүлөт. Жүрөгү айланып, тамак ичпейт, ичи ооруйт, териси саргая баштайт.
Алгач оору бир жума аралыгында көп билинбейт. Көпчүлүк адамдар сарыкты сасык тумоо менен алмаштырып алышат. Сасык тумоодо оорулуунун температурасы түшөт, ал өзүн жакшы сезип калат. Ал эми А гепатитинде температура болбошу деле мүмкүн, оорулуунун абалы көпкө жакшы боло албайт. Оорулуу чарчап-чаалыгып, бир күндө бир нече жолу уктайт.
.
БЕЛГИЛЕРИ
.
Оорунун вирусу адамдын организмине келип түшкөндөн кийин ал 10 күндөн 35 күнгө чейинки убакытта вирустун инкубациялык мезгили өкүм сүрөт, бул мезгилде дарттын белгилери пайда боло баштайт. Инкубациялык мезгил учурунда оорулуу алсырайт, тамакка табити тартпайт, кускусу келет, ичи өтөт, денесинин температурасы көтөрүлөт, териси жана көзүнүн склерасы (агы) саргаят, зааранын өңү кочкул тартып сыранын өңүнө окшоп калат, заңдын түсү болсо агыш тартат. Дарыгер боордун тушун басып көргөндө ооруйт. Бул учурда бейтапты ооруканага жаткыруу зарыл.
С гепатити боорду шишитет
С гепатити кан аркылуу жугат. Ал көпчүлүк учурда байкала бербей, акырындап өнөкөткө айланып кетет. Тилекке каршы, стоматологиялык кабинеттерден, маникюр салондорунан, татуировка- студияларынан (денеге сүрөт тарткан), ал турсун, хирургиялык жана гинекологиялык аспаптарды тазаланбаган шартта колдонууда да жугуп калган учурлар көп кездешет. Текшерүүнүн бардык көзөмөлүнөн өтпөгөн кан куйдурууда абдан коркунучтуу болуп саналат.
.
Дарттын алгачкы белгилери. .
Адамдын денесине вирус өткөндөн кийин биринчи белгилери пайда болгонго чейинки убакыт сезилбеген (скрытый) мезгил деп аталат, ал 15 күндөн 35 күнгө чейин созулат. Көпчүлүк убакта оорунун белгилери сасык тумоо (грипп) оорусуна окшошуп, дененин температурасы 38 С чейин көтөрүлөт. Денеси чыйрыгып, башы ооруйт, жүрөгү айланып куса баштайт, ичи ооруйт, табити жоголот. Бул белгилер 5-7 күнгө чейин созулат да, андан кийин көздүн агынын жана көз былжырчаларынын саргара баштаганы сезилет. Андан кийин дене саргарат. Айрым учурда жогорудагы белгилер жеңилирээк болот, саргаюу байкалбайт. Оорунун жеңил өтүшү оорулуу үчүн жакшы болгон менен, айлана-чөйрөдөгүлөр үчүн оорунун “булагы” болуп эсептелинет. Себеби алар катуу ооруган адамдарга караганда активдүүрөөк болушуп, айлана-чөйрөдөгүлөр менен карым-катнаштары көбөйүп, ооруну жугузууга көбүрөөк шарт түзүлөт. Анткени вирус оорулуунун денесинен жашыруун мезгилдин акыркы күнүнөн саргарып кеткен мезгилине чейин өтө көп бөлүнүп чыгат. Ошондуктан оорулуу адам козгогучту канча убакыт бөлүп чыгарса, ошончо убакыт бою оору тарата турган булак болуп эсептелинет.
Тазалыкты сактоо зарыл
Бул ооруну дарылаганга караганда ооруну алдын алуу кыйла жеңил. Сарыктын жугуу жолдору өздүк гигиенаны сактоо менен тыгыз байланыштуу. Бул өзгөчө жай айларында күн ысык болуп, чымындардын тамак-ашка конуусу аркылуу адамдарга берилет. Тазалыкты сактабаган жайларда чымын көбөйөт. Алар тамак-ашка, сууга, биз колдонуп жаткан буюм-тайымдарга конот. Өзгөчө кайнатылбаган чийки сууда ал вирустар өлбөйт. Ошондуктан кайнатылган гана сууну ичүү талап кылынат. Тамак-аш таза даярдалган жайлардан гана тамактануу сунушталат. Жер-жемиш, жашылча-мөмөлөрдү пайдаланарда, сөзсүз жууп алуу зарыл.
Эң башкысы – тамак ичердин алдында, колду самындап жууп, анан гана ичүү керек. Коомдук тамак-аш сатуучу жайларда, базарларда даярдалган тамак-аш даярдоо санитардык нормага туура келиши керек.
.
Диета кармоо зарыл
.
Бул жугуштуу ооруда диета кармоо өтө маанилүү. Туздуу, ачуу, куурулган, консерваланган тамактарды жегенге болбойт. Жашылча, жер-жемиштер, сүт, кычкыл эмес быштак, тузу жок нан, сүрсүбөгөн, кайнатылып бышырылган майы жок уйдун этин, тооктун этин жеш керек. Жер-жемиштин кактарынан, өзгөчө өрүктүн кагынан жасалган компотторду ичкен пайдалуу. Диетаны бузбай аткарган бейтап бат айыгат.
Эгер бул оору менен ооруп калса…
Жугуштуу сарык оорусуна чалдыгып калган адам дароо дарыгерге кайрылышы шарт. Бул ооруну иликтеп көрүп, анын түрүнө жараша дарыланууну аныкташат. Кээ бир адамдар өз алдынча дарыланууну туура көрүшөт. Мындай учурда, тескерисинче, ооруну татаалдаштырып жибериши мүмкүн. Анткени сарык жугуштуу оору болгондуктан, үй-бүлөдө бир адам ооруса, бир туугандарына, чогуу иштеген адамдарга жугузуп алышы ыктымал. Андыктан сарыктын алгачкы белгилерин байкаган адам дарыгерге кайрылышы шарт. Алгач сарыктын түрү аныкталып, тиешелүү дары-дармектер менен дарыланат. Оорулууга сөзсүз түрдө диета жазылат да, витаминдерди ичүү сунушталат.
Сарык оорусуна кабылбаш үчүн кеңештер
Ар бир адам өзүнүн ден-соолугуна кам көрө билиши керек. Жеке гигиенаны сактоо өтө зарыл. Жогоруда айтып өткөндөй, көчөдө жана базардын тегерегинде ачык сатылган тамак-аштардан оолак болуш керек. Жер-жемиштерди дагы жууп, тазалап колдонуу шарт. Азыр жаш балдар сарык оорусуна көп чалдыгып жаткандыктан, ата-энелерге эскерте кетчү нерсе – балдардын иммунитетин жогорулатуунун камын көрүү менен бирге организмди чыңдоо зарыл.

Бул сырткы линктер жаңы терезеде ачылат

Бул линкти көчүрүп алыңыз

Бул сырткы линктер жаңы терезеде ачылат

Бөлүшкөн панельди жабыңыз

Дем алуу органдарын сезгенткен Кытайдан табылган жаңы коронавирустан 81 киши каза таап, 3 миң киши жуктуруп алганы белгилүү болду.

Коронавирустар буга чейин дагы кооптуу абалды жараткан. Маселен, 2003-жылы "Дем алуу органдарынын синдрому" же SARS, 2012-жылы "Жакынкы Чыгыш респиратордук синдрому" же MERS кеңири жайылып, жүздөгөндөрдүн өмүрүн алган.

Би-Би-Си бул вирус эмне себептен капысынан пайда болорун жана алар эмнеге кооптуу экенин түшүндүрүп берет.

Кооптуу коронавирус эмнеден пайда болот?

SARS, MERS эми 2019-nCoV вирусу жаныбардан адамга жукту деген түшүнүк калыптанган. Жаныбарлар адамга кооптуу болгон вирустарды алып жүрөт. Бирок алар сейрек учурда адамга жугат.

"Негизи жаныбарлар алып жүргөн вирустар адамга жукпайт. Бирок кишинин иммунитети алсыз болуп жана башка факторлор кошулуп калса, вирус өтө сейрек учурда жаныбардан адамга жугушу ыктымал",-дейт Уорик университетинин окумуштуусу Эндрю Истон.

Вирус адамга жуккандан кийинки мутация жараяны коркунучтуу.

"Вирус жаңы жана ылайыксыз организмде жашап кетүү үчүн өзгөрүшү керек",-дейт окумуштуу.

Ошондуктан коронавирус адамга жукканда, анын мутацияланганы өтө кооптуу абалды түзүшү ыктымал. Коронавирустун баары кооптуу деп айтууга да болбойт. Адам коронавирустун агрессивдүү эмес түрү менен көп эле кездешет.

Мутацияланган коронавирус эмнеге кооптуу?

"Коронавирус бир түрдөн экинчиге өткөндө, жаңы организмде жашап кетүүгө умтулат. Ошондой учурда вирус абдан күчтүү болот",-дейт Эндрю Истон.

Вирус жаныбардан адамга жукканда, кишинин иммунитети аны менен күрөшө албай калат. Себеби иммунитет мурда мындай вирус менен күрөшүп көргөн эмес.

Дал ушундай абалга сасык тумоонун жаңы түрүнө туш болгон адам дагы кептелет.

Коронавирус 1918-1919-жылдары кеңири тарап, 50 миллионго чукул киши каза тапкан. Бул вирус канаттуулардан жукканы айтылат. Кытайда чыккан инфекция дал ушундай жагдайды жаратат деп айтууга эч кандай далил же негиз жок. Бир гана дарыгерлер алдын ала чараларды көрүүгө умтулууда.

Коронавирус өтө тез жайылып кетиши мүмкүнбү?

Вирус жаныбардан адамга жаңы жуккан кезде, ал тез жайылып кете албайт. Бирок жаңы организмге көнгөндөн кийин вирус тез жайылып, кооптуу жагдайды түзүшү ыктымал.

"Вирустар, анын ичинде коронавирус өтө тез мутацияланат",-дейт окумуштуу Эндрю Истон.

Ошондуктан вирус аз мөөнөттүн ичинде кеңири жайылышы мүмкүн.

"Иммунитети алсыз адамга вирус жукса, жаңы инфекция мурунку ооруларды козгойт. Ал эми иммунитети күчтүү адам вирус жукпай деле калышы мүмкүн. Айрым вирустар тез жайылат, башкалары жай. Азыркы учурда жаңы коронавирус канчалык тез же жай жайылары аныктала элек",-дейт окумуштуу.

Вирус кеңири жайылса эмне кылуу керек?

Вирустардын жайылышын токтотууга дары-дармек жардам бербей калышы ыктымал. Ага карабастан "вируска каршы күрөшкөн каражаттар абдан көп", дейт Эндрю Истон.

Вирусту жайылтпоонун оңой жолдору бар. Маселен, үйгө киргенде колду самындап жуу, көчөдө медициналык маска тагынуу.

"Гигиенанын негизги эрежелерин кармануу абдан маанилүү. Учурда инфекцияга каршы вакцина жок болгондуктан, вирус менен күрөшүүдө гигиена абдан маанилүү ролду ойнойт", -дейт британиялык окумуштуу.

Андан тышкары вирусту жуктургандарга тез жардам берүү дагы маанилүү.

"Вирусту жуктургандарды тез аныктап, аларга жардам көрсөтүү дагы вирустун жайылышын алдын алат",-деди Эндрю Истон.

SARS менен MERS коронавирустар жайылганда, мындай инфекциялардын тарап кетишин токтотуу үчүн атайын механизмдер иштелип чыгарылган. Ошондуктан дүйнө жүзүндөгү дарыгерлер кооптуу вирус чыкканда кандай чараларды ишке ашыруу керек экенин так билишет.

Дарыгерлер бул механизмдер азыр пайда болгон же келечекте чыккан кооптуу вирустардын жайылышын токтото алат деп ишендирүүдө.

Кантип ийгиликтүү адамга айлансак болот? Бул суроого жооп табуу үчүн күндө баш катырабыз. Заманбап психологиядагы эң белгилүү темалардын бири - Ийгилик. Албетте акылмандар, кесипкөй адистер толтура китептерди жазышкан, миңдеген гезит-журналдар дагы акылман кеңештерди жазган. Бүгүн мен дагы сиздерге ийгиликтүу болуунун сырларын ачып берүүгө аракет кылдым.

Ийгилик деген эмне? Азыркы замандагы ийгиликтүү адамдын образы кандай деп сурасак: Атактуу болуу, маянасы жогору жумушта иштөө, кымбат маркадагы автомобилге ээ болуу, белгилүү бренддердин кийимдеринен кийинүү, элитка деп аталган заманбап үйлөрдө же андан да чоң курулган виллаларда жашоо, чет өлкөлөрдө саякаттоо, жеке ишканага ээ болуу сыктуу нерселерди айтышат. Психологдордун айтуусунда ийгиликтүү адамдын образын адам өзүнө өзү түзөт. Ийгилик эмне экендигине өзү жооп таба алат. Чындыгында эле бирөө үйрөткөн же мажбурлаган образды ээрчип эмес, өзүңүздүн өзүнүз жаратыңыз. Кыялыңызда куруп алган макстатты көздөй умтулуңуз. Ал куру кыял болсо, кыял болдон кала бере. Эгер сиз аракетти, эмгектти баштасаңыз ал Максат болуп саналат. Кыргыз элибизде: “Аракетке берекет”- деген жакшы сөз бар. Аракет эле кыла берсеңиз сөзсүз жетесиз.
Ар бирибиз ар кандай максаттарыбыз, тузүп алган, же элестетип алган кыялдарыбыз менен өмүр сүрөбүз. Албетте көпчүлүк ийгиликтүү адамдар бир биринен өзүнүн мүмкүнчүлүгү, билими, таланты, аракети, өзгөчөлүгү менен айырмаланып турат. Бирок баардык ийгиликтүү адамдарды окшоштуруп турган жалпы же негизги сапаттар бар. Ийгиликтүу адам ийгиликсиз адамдан эмнеси менен айырмаланат? Буга жооп издеп көрөлү.

Ийгиликтүү адамдын мыкты 10 сапаты:
1. Ийгиликтүү адам мүмкүнчүлүктү издейт.
Ийгиликсиз шылтоо таап, тоскоолдуктарды айтып бугүн баштачу жумушту эртеңкиге калтырат. Мисалы акча жетпейт деген жагдайды эске алалы. Ийгиликтүү адам акча табууга мүмкүнчүлүк издейт, акчаны кантип башкаруу, топтоо боюнча сабаттуулугун жойот, билимин арттырат. Тапкан кирешесинен дагы киреше табуу жолун издейт. Ийгиликсиз болсо бул өлкөдө эмне үчүн жумуш табуу кыйын экенин айтып, шылтоо таап, акча табуу мүмкүн эмес деп отура берет. Демек, куру сөздөн качып, жумушка өтөлү.
2. Ийгиликтүү адам аракетти баштайт.
Ийгиликсиз кийинкиге калтырат. Ийгиликтүү адам корксо дагы, билбесе дагы аракетти баштайт. Ийгиликсиз болсо улам эле үйрөнүп жатам, же сураштырып жатам деп шылтоо айып, ыңгайлуу учурду күтүп отура берет. Ал учур болсо такыр эле келбейт. Анай адамдар жайында ысып кетет, кышында тоңуп калат, деген сыяктуу. Качан жакшы жашайт эч ким билбейт.
3. Ийгиликтүү адам алдына чоң талаптарды койот.
Өзүнө максималдуу талаптарды, татаал тапшырмаларды койот.
Мурдагы жолу болбой калса дагы, эми сөзсүз болот деп өзүнө ишеним артат. Ийгиликсиз болсо, эмне кереги бар, ушул деле жетет, ушул деле болот деп отура берет.
4. Ийгиликтүү адам жыгылса кайра тура алат.
Ийгиликсиз жыгылып калса кайра тура албай калам деп коркуп жашайт. Жыгылып калса болду, кайра туралбайм деп аракетти токтотот. Атактуу адамдардын өмүр баяндарын окусак аябай көп тоскоолдуктарды басып өткөнү баяндалат. Бир нече жоготууларга туш болгону, ошентип отуруп баары бир максатына жеткени, дүйнөдөгү эң ийгиликтүү, атактуу, же бай адамга айланганы жазылат. Демек, ийгиликке жетүү үчүн бир топ тоскоолдуктуу басып өтүп, баарын жеңип анан гана ийгилик көрүнөт экенин түшүнүү керек.
5. Ийгиликтүү адам өзүнө өзү дем бере алат.
Жакшы ойлор менен жашайт. Жумушуна болгон кызыгуусун далилдөө үчүн, өзүнүн ал-күчүн көрсөтөт, баардыгын жумуш менен далилдейт. Ийгиликсиз болсо ар дайым башкалардын мактоолорун, колдоолорун күтүп жашайт. Жагымсыз абалда калганын бир туугандарына, досторуна ж.б. шылтоолойт.
6. Ийгиликтүү адам тобокелге барат.
Жашоо биз ойлогондой эмес. Ал ар дайым ар кандай окуяларга туш кылат. Ийгиликти издеген адам баарына даяр болуп, жакшы болсо дагы, жаман болсо дагы мейли деп тобокелдикке барат.
7. Ийгиликтүү адам сабырдуу болот.
Максатты көздөй узак жол басууга даяр болот, кыйынчылыктарды чыдамакайлык менен жеңет. “Сабырдын түбү сары алтын”- деген сөздүн маанисин жакшы түшүнөт. Ийгиликсиз адам тез эле болуп калса жана көп нерсеге жетсем деп кыялданат.
Акылман адам 1% талант, 99% эмгек керек экендигин унутпайт!
8. Ийгиликтүү адам коркпойт.
Жок деген сөздөрдү угуудан тажабайт, эмоцияга алдырбайт. Жашоодогу канчалаган ыңгайсыз суроолорго жооп таап, алдыдагы турган тоскоолдуктан жол таап, тажрыйбалуу боло билсеңиз, мына ошондо эң ийгиликтүү адамга айланасыз. Эң биринчи кезекте адам өзүн өзү жеңе билсе, анда башка кыйынчылыктар ага коркунучтуу сезилбейт.
9. Ийгиликтүү адам өзүнө ишенет.
Өзгөрүүнү алгач өзүнөн баштайт. Ийгиликтүү аталуу үчүн өзүндөгү билим, эмгекке таянат. Инсандык өнүгүүсүн, билим алуусун күндөн күнгө көйбөйтөт.
Ийгиликсиз болсо башкалардын сөзүнө ишенет, ар кимдин сөзүн угат, жеке позициясы жок болот.
10. Ийгиликтүү адам Максатын көздөй жөнөйт.
Алдыга койгон Максатты, татыктуу жашоону көздөй так жана ишенимдүү жөнөйт. Атайы бизнес пландарды, долбоорлорду түзөт. Ийгиликсиздер майда-барат кыялдар менен алек болот. Тарыхка көз чаптырсак деле, ийгиликтүү адамдар бир караганда ишке ашпачудай көрүнгөн, тоодой бийик, укмуштуудай максаттардан коркпой, ошону көздөй кадам таштаган. Алгач ал максаттарга мүкүнчүлүктөрү абдан аз болчу. Бекеринен дагы: “Кыбыраган кыр ашат”-, деп айтылып калбаса керек. Ийгиликтүү адам коомго, үй бүлөсүнө өрнөктүү жашоого күн сайын умтулуп, акыры иш жүзүндө далилдейт!
Ар бир адам өз максатына жете алат, болгону каалоо жана талыкпаган эмгек керек. Эмесе алга жана алга!


Ар бир инсан бул дүйнөгө жакшы үмүтү менен келет эмеспи, “өсөйүн, өнүгөйүн, бактылуу болоюн” деп. Турмуш бул бүтпөгөн күрөш экени баардыгына маалым. Ак менен каранын, жакшы менен жамандын, акыйкат менен жалгандын ж.б. турмуштун кереметин, ысык-суугун көрүп, кыйыны да, жакшысы да, жаманы да, жеӊип да, жеӊилип да — кимдер гана өтпөгөн бул дүйнөдөн!

Канчалык табият сыйкырдуу, кооз жана ошону менен бирге жеӊилгис катаал болсо, турмуш да баа жеткис кооз, өтө кызыктуу жана татаал. Бул турмушту жеӊип жашаш үчүн, ийгиликке жетиш үчүн турмуштун кыйынчылыгына даяр болуш керек экен.

Өмүрүбүздө чектелген чөйрөдө жашап, улуулардан алган таасир-тарбиябызга жараша, калыптанган тар сезим менен кыялданып, ишибиз жүрүшпөй баратканда тагдырыбызга нааразы болуп, көп учурда биз бирөөнү айыптап, кейигенге шашабыз, баштаган ишти аягына чыгарбайбыз.

Коомчулукта ийгиликтүү адамдарды көрүп, көбүнчө ийгиликтин себебин адамдын ден соолугунда, акчада, адамдын келбетинде, экологияда, жашаган өлкөсүндө, тажрыйбасында, илим-билиминде, жөндөмүндө, аракетинде, колдогон чөйрөсүнөн издеп келебиз.

Бакытка жетүү үчүн эмне жетишпейт деген суроого, “бийлик, байлык, чыныгы дос, билим, сүйүү, түшүнүк, көӊүл, колдоо, атак-даӊк, талант, мүмкүнчүлүк” — деп жооп беребиз. Көп учурда дүйнөнү эмне башкарат деген суроого дареметибизге жараша – “дүйнөнү эрк, аӊ-сезим, кыймыл-аракет, сулуулук, сүйүү, сезим, чындык, акча, ишеним, адамдын ою башкарат“ — деп талашабыз.

Бул дүйнөдө бир адамдын тагдыры кандай гана болбосун — бактылуу же бактысызбы, барып-барып миӊ адамга таасирин тийгизери талашсыз. Келечек муундарыбыздын тагдыры тайкы болбос үчүн кетирген кемчиликтерибизди эске алып, каталарды кайталабай, жашынан атайын ийгиликтин психологиясын, программасын иштеп чыгып, кадамдап аракеттенип, бакытка жол таап, тагдырды түздөө аракетин кылсак жаӊылбайбыз.

Өзүбүз жетишпеген ийгиликтерге, өзүбүз чыкпаган бийиктиктерге балдарыбызды жеткизсек жаман болбос. Ийгиликтүү балдарды тарбияласак, коомубуз да ийгиликтүү коомго айланаары талашсыз. Биздин жеӊишибиз ошондо! Ийгиликтин башаты адамдын өзүндө экенин турмуш айгинелеп турат. ”Өзүн башкара алган адам гана дүйнөнү башкарат” деген эскиден сөз бар.

Адамдын өмүрү жашына жараша курактарга бөлүнөт эмеспи. Ар бир курактын өзгөчөлүгү, өзүнчө кызыгуусу, талаптары, баалуулуктары бар. “Алыска барыш үчүн, эрте туруш керек” деген элде накыл сөз бар. Демек, көп нерсеге жетишиш үчүн эрте ойгонуп, түшүнүп, көп нерсени үйрөнүш керек экени талашсыз.

Жаш муундардын арасында ийгиликке алып келе турган касиеттерди калыптандыруу, лидердик сапаттарды тарбиялоо биздин парзыбыз болуп эсептелет.Жашынан балдардын аналитикалык жөндөмүн өстүрүүгө, чечкиндүүлүк, тобокелдик, мээнеткечтик, тил билгилик, даанышмандык, чечендик сапаттарын калыптандырууга, балдардын мейкиндик сезимин, тил байлыгын, элестетүү, кыялдануу, дүйнө таануу, кабыл алуу жөндөмдөрүн, эмоционалдык дареметин өнүктүрүүгө, турмушка болгон кызыгуусун арттыруу менен интеллектти өстүрүүгө багытталган механизмдерди иштеп чыгууга аракет кылсак.

Балдарды жоопкерчиликке үйрөтүп, кылган жоруктарына жооп берүүгө көндүрсөк. Өзүн-өзү сыйлоо, өзүнө ишенимин арттыруу сезимдерин калыптандырсак, балдарыбыз турмуштун чоӊ жолунда адашпай, өзүнүн ордун таап, максатына жетип, өрнөктүү турмуш кура алаарына көзүбүз жетет.

Америкалык философ Дэвид Стар Жордан айткандай: “Жолду билгенге жол берүү үчүн бүткүл дүйнө артка чегинет”. Жаштарга ийгиликке жетүү жолун үйрөтүү биздин ыйык милдетибиз. Ал үчүн өзүбүздөн баштап, өзүбүздү тарбиялашыбыз керек. Эӊ жакшы таасир — бул улуулардын үлгүсү.

Бизге табияттан бардык мүмкүнчүлүктөр берилген, аны ал кылып, туура пайдаланып, үзүрүн көрүү биздин колубузда. Окумуштуулардын айтымында, адамдын аӊ-сезими табияттан жогорку жана төмөнкү менталитетке бөлүнгөнү баарына маалым. Жогорку менталитет — позитивдик болуп, ал эми төмөнкүсү — негативдик менталитет болуп эсептелет экен. Коомчулукта адамдын көпчүлүгү негативдик менталитетке ээ. Адамдын ою көп учурда социалдык чөйрөгө таасирленип турат эмеспи. Бир жакшы ойду баштап, көпчүлүктүн пикиринен чыга албай, ой-максатына жете албай калган инсандар да жок эмес. Негативдик ойлор жана эмоциялар адамды ооруга чалдыктырат, карытат, артка тартат, коркунуч пайда кылып, максатына жетүүгө тоскоолдуктарды жаратат. Ошондуктан аӊ сезимиӊди көрө албастык, ичи тардык, жек көрүүдөн, жаман ойдон тазала. Капа кылгандарды кечире бил. “Өзүӊдү сыйлоо“ программасын иштеп чыгып, ийгиликке, бакытка жол таап, тагдырды оӊдоо үчүн күндө убакыт бөлүп, кыялданып, жакшы маанайда өзүӊдү сөз менен дарылап, проблеманын себебин изилде. Турмуш окуялардан эмес, биздин ошол окуяга кылган мамилебизден турат.

Улуу Махатма Ганди айткандай: “Адам — өзүнүн акыл-оюнун азыгы, эмнени ойлосо, ошого айланат”. Турмуш көрсөткөндөй, жакшыны ойлосо — жакшыга, жаманды ойлосо – жаманга айланат, эмнени көргөндү кааласа – көргүсү келгенди көрөт, эмнени укканды кааласа — каалаганды угат, эмнеге ишенгиси келсе — ишенгиси келгенге ишенет, эмнеге ишенгиси келбесе — ишенгенди каалабайт.

Жаман ой, кайгы-капа адат болуп калса, адамдын бетине бырыш түшүп из калтырат. Өзүӊө ишен. Ишеничиӊ бекем болсо башкалардын бузуку ойлору сага таасирин тийгизбейт. Өзүӊдүн өзгөчөлүгүӊдү бил. Чыгармачыл ойлор жакшы маанайда келет, жагымдуу чөйрөдө ойлор чыӊалат эмеспи. Өзүӊө жагымдуу чөйрө түз! Жаман ойдон алыс бол. Жаман ой жамандык тартат. Ийгиликке багышталган ойлор ийгилик тартат. Сенин позитивдик ой жүгүртүүӊ башкаларга да жакшы таасирин тийгизет. Жакшы адамдар сени өздөрү табат. Бул табияттын закондору, муну биз ойлоп чыкпаганбыз, бизге чейин болгон жана боло бермекчи.

Бардык нерсенин баалуулугун бил, баскан кадамыӊа ыраазы бол, кубан. Көптү берип, азды күт. Күнүгө миӊ мертебе шүгүрчүлүктү билдир: кудайга, табиятка, жер-сууга, асманга. Жакшылык үчүн дос-тууганыӊа рахмат айта бил, үй-бүлөӊ менен бир бол, бар нерсеӊди баалай бил. Мезгил келгенде табият сага да кайрыйт. Дүйнө кезектүү!

Адам бул дүйнөгө бир келет эмеспи. Мезгилдин баасын, өмүрдүн баркын билбей, мезгил сезими, мейкиндик сезими жок болуп, убакытты сапырып, туура пайдаланбай, эптеп-септеп, жарым-жартылай жашап келебиз. Турмушта көп учурда өзүбүзгө көӊүл бөлбөстөн эртеӊки күнгө калтырган учурлар да көп эсе. Ошондуктан ийгиликке жетишүү үчүн өмүрдүн наркын бил. Бүгүнкүнү эртеӊкиге калтырбай, жашоонун даамын татып бүгүн толук кандуу жаша! Өмүр — бул кайталангыс, назик жиптерден согулган мезгилдин кездемеси экенин сезсеӊ экен! Мезгил эмес сенин сапарыӊ карып баратканын түшүнгүн!

Ийгилик аракеттен жаралат: үйрөнгүн, башкалар уктап жатканда. Окугун, башкалар бекерчиликтен зэригип жатканда. Эмгектен, башкалар ойноп жатканда. Кыялдан, башкалар эми ойгонуп жатканда. Сен чоӊүлүшкө татыктуусуӊ!

Элестетип, өзүӊдү сырттан чоочун адамдын көзү менен кара, кемчиликтериӊди жана баалуулуктарыӊды иликте, иретте. Жакшылыктын-жамандыктын баасын бил. Күтпө, өзү менен өзү болуп чечилбейт. Бирөө жасап бербейт. Өзүӊдүн дареметиӊди, артыкчылыктарыӊды туура баала, убактыӊды бекер кетирбе, табияттан сен өзүӊдү жеӊүүчү катары сез. Турмушуӊдагы жетишкен ийгиликтериӊди унутпа. Өзүӊдүн ички дүйнөӊ менен келиш, өзүӊ лидер, башкаруучу бол, терс кыялдарыӊды жеӊ. Чачылган оюӊду түзө. Артка чегинбе. Бир максатка умтул. “Жолду баскан арбытат” деген накыл сөз бар. Кыйындардын сыры жана артыкчылыктары ушунда.

Турмуш көрсөткөндөй, адам бир нерсени өтө катуу эӊсесе, бүткүл аалам ага колдоо көрсөтөт. Максатыӊа берил, сүй, ага чын дилиӊден умтул. Ишенимиӊди жоготпо. Турмуштан үмүтүӊ үзүлбөсүн, кызыгууӊ кетпесин. Ошондо гана ийгиликке жетишесиӊ.

Дүйнөнүн эӊ бай, ийгиликтүү адамдарынын өмүр баянын, эмгек жолун, рейтингин изилдеген америкалык финансы-экономикалык “Forbs” журналы белгилегендей: Билл Гейтс, Джон Рокфеллер, Стив Джобс, Джордж Сорос, Генрих Форд, Роман Абрамович, Адольф Даслер, Джордж Лукас ж.б. алгач турмушта жапа чегүүдөн баштап, кыйынчылыкты жеӊүү менен ийгиликке жетишкен. Чечкиндүүлүк энергиясы ийгиликтүү адамдарга гана таандык. Жеӊүүчү бол. Жүрөгүӊдүн оту өчпөсүн!

Ийгиликтүү адамдардын чөйрөсүнө аралаш, сен да ийгиликке жакындайсыӊ. Тагдырын тайкы кылган, өз турмушун устаттык менен бузган адамдардан алыс бол. Башкаруусу жок кеме, максаты жок адам сымал. Ошондуктан максатыӊды кое бил, максаттарыӊдын артыкчылыктарын иликте.

Джон Рокфеллер айткандай: “Адам эмнеге умтулса да максаттын тактыгы — ийгиликтин негизи болот”. Турмушта керексиз, өнүгүүгө жолтоо болгон нерсеге “Жок!”, пайдалуу нерсеге “Ооба!” дей бил. Жалгыз бүгүнкү күн гана сенин тагдырыӊды чечүүчүдөй жаша. Эӊ маанилүү ачылыштар шыктануу, кумардануу учурда жасалган. Эӊ кызыктуу жана ийгиликтүү ойлор көӊүл эргүү мезгилде келет, жакшы эс ала бил. Жан дүйнөӊ жактырган иш менен алек бол. Тилегиӊ кабыл болсун!

Читайте также:

Пожалуйста, не занимайтесь самолечением!
При симпотмах заболевания - обратитесь к врачу.